Nike дүйнөдөгү эң баалуу деген наамын сактады

Автор

Америкалык спорт буюмдарын өндүрүүчү Nike Inc. кийим-кече жана аксессуарлар категориясындагы эң кымбат бренддердин дүйнөлүк рейтингинде дагы бир жолу лидер болду.
Nike 2015-жылы алгачкы отчету чыккандан бери биринчи орунду сактап келет. Жыл ичинде америкалык өндүрүүчүгө таандык бренддин баасы 5,6 пайызга төмөндөп, болжол менен 31,3 миллиард долларды түздү.
Экинчи орунда былтыркыдай эле француз бренди Louis Vuitton турат, анын баасы 12,2 пайызга өсүп, 26,29 миллиард долларды түзгөн.
Үчүнчү орунду Франциянын дагы бир люкс бренди Chanel ээледи, ал 27 пайыз күчтүү өсүштү көрсөтүп, 19,39 миллиард долларга жетти жана Gucciни тизмеден сүрүп чыгарды.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети Догдургул Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаева талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды. Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду. Талкуунун жыйынтыгында комитет […]

Сизге жагышы мүмкүн