Кытай АКШны өлкөнүн иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Автор

24-апрелде Кытайга иш сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Пекинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытайдын тышкы иштер министри АКШ Кытайдын ички иштерине кийлигишпеши керектигин билдирди.
“АКШ Кытайдын эгемендигине, коопсуздугуна жана өнүгүүсүнө келгенде кызыл сызыктарды кесип өтпөшү керек. Кытай ар дайым өз ара урматтоо, тынчтыкта ​​жанаша жашоо принциптерин карманып келген. Кытай-АКШ мамилелеринин туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө умтулат”,-деп баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Орусиялык фехтование боюнча спортчулар Олимпиада оюндарына катышпайт

Орусиялык фехтование боюнча спортчулары 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышпайт. Спортчулар Олимпиада оюндарынын акыркы тандоо турнирине келген жок. “Тилекке каршы, россиялык же беларусиялык спортчулар болбойт”, – деп Европа фехтование конфедерациясынын президенти Джорджио Скарсо билдирди. 2024-жылкы Олимпиада оюндарына Европанын акыркы квалификациялык турнири Люксембургда 26-28-апрель күндөрү өтөт. Фехтование боюнча спортчулар […]

Сизге жагышы мүмкүн