«Айгүл-Тоо» коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынды

Автор

Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Баткен токой чарбасы эскертет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жатат. Жарандарга 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботникалык коруктун аймагына кирүүгө болбойт.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жасалма интеллект боюнча Илон Маск катуу коркутту

Жасалма интеллект боюнча Илон Маск катуу коркутту. Ал гана эмес жогорку технологиялар тармагындагы миңден ашуун эксперттер күчтүү нейрондук тармактарды окутууну алты айга токтотууну талап кылган ачык катка кол коюшту. Кол койгондордун арасында Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Возняк бар. Петициянын авторлору сенсациялуу ChatGPT сыяктуу системалар өтө акылдуу болуп баратат деп эсептешет […]

Сизге жагышы мүмкүн