Муфтияттын жаңы имаратын Раим Матраимов курууда

Автор

Жаңы муфтияттын имаратында иш кызуу жүрүп жатат. Ал марттын аягында бүтөөрү болжолдонууда. Муфтияттын апрель айында көчүп келүүсү пландалып жатканы белгилүү болду. Аны айтылуу Раим Матраимов куруп жатат. Азирети муфтий жаңы муфтияттын курулушу үчүн спонсор издеп, акыры Раим Матраимовго кайрылганга туура келгенин айткан. Жаңы муфтият Жибек-Жолу көчөсүндөгү Имам Сарахси мечитинин аймагына курулууда. Бул мурдагы Ысык-Көл кинотеатрынын орду.

Бөлүшүү:
Next Post

15-марттан тарта магниттик бороон болот

Жакынкы күндөрдө космостук аба ырайы начарлайт. Окумуштуулардын айтымында, олуттуу бороон 15-мартта башталып, 5 күнгө созулат. Адистер бул күндөрү тургундарды ден соолугуна жакшы кам көрүүнү, ачык абада көбүрөөк убакыт өткөрүүнү жана физикалык активдүүлүктү чектөөнү сунушташат. Уйкуну, тамактанууну көзөмөлдөп, гаджеттерде убакытты кыскартуу керек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн