Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Автор

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

«Буга байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт

11-12-ноябрь күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул жарманкелер 31-декабрга чейин ар бир дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкелердин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукциясын жарандарга дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Министрлик жарманкеге катышууну […]

Сизге жагышы мүмкүн