Мурдагы премьер-министр жубайы менен бир күндө көз жумду

Автор

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри, Дрис ван Агт жубайы Евгений менен 5-февралда эвтаназия процессинен кийин 93 жашында көз жумду.
The Rights Forum уюмунун жетекчиси Жерард Йонкман Голландиянын NOS телеканалына берген маегинде жубайлар катуу ооруп жатканын, 70 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин “бири-бирисиз жашай албастыгын” белгиледи. Дрис ван Агт 1977-1982-жылдары Нидерланддын премьер-министри болуп иштеген, анын саясий партиясынын биринчи лидери, 1980-жылдары Евробиримдиктин Япония жана АКШдагы атайын өкүлү болуп иштеген.
Нидерландияда эвтаназия жолу менен өзүн-өзү өлтүрүү 2002-жылдан бери мыйзамдуу.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: 6 миң доллар опузалаган эки жаран кармалды

6 миң доллар пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын […]

Сизге жагышы мүмкүн