Путин өзөктүк курал качан колдонуларын айтты

Автор

Президент Владимир Путин орус аскерий доктринасында Россиянын өзөктүк куралды колдонуу ыктымалынын эки себеби бар экенин эске салды.
«Биринчи – бизге каршы. Иш жүзүндө бул төмөнкүнү билдирет. Ракеталар учурулганда биздин система аларды аныктаганда, жазып алганда жана бутага Россиянын аймагы болгонун бизге билдиргенде. Мунун баары секунданын ичинде болот. Анда Россияга чабуул жасалып жатканы тууралуу маалыматты билип туруп, биз бул агрессияга жооп кайтарабыз. Ал эми бүгүнкү күндө потенциалдуу агрессор үчүн жооп таптакыр кабыл алынгыс экенине бардыгын ишендиргим келет. Анткени ракеталардын учурулганы аныкталган учурдан тартып — алар кайсы жерден учса да келе жаткан соккуга жооп иретинде биздин жүздөгөн ракеталарыбыз абада пайда болот. Бир да душмандын аман калууга мүмкүнчүлүгү болбойт жана бир эле учурда бир нече багытта»,-деди президент Валдай клубунун пленардык жыйынында.
Бул куралдардын колдонулушунун экинчи себеби катары Россия Федерациясына каршы кадимки курал-жарактар ​ колдонулушу экенин билдирди.
Бирок, анын пикиринде, орус мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жок. «Мен мунун зарылдыгын көрбөй турам. Бүгүнкү күндө орус мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туудурган жагдай жок. Менимче, акыл-эси ордунда эч ким Россияга каршы өзөктүк курал колдонууну ойлобойт. Потенциалдуу душман биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү билет”,-деп ишенет орус лидери.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочулар сак болушпаса, камералар тартып алышат

Мындан ары Борбор калаадагы автобустар жол эрежесин бузган автоунааларды каттай баштады. 120 жаңы автобуска жайгаштырылган камералар эми туура эмес токтотулган унааларды жана коомдук транспорттун тилкелеринде бараткан унааларды тартып алышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн