Мугалим жөнүндө учкул ойлор

Автор

Бүгүн, 5-октябрь – Мугалимдер күнү. Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!

***

Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим. (А. Дистервег)

***

Ким эскини алпештеп, жаныны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат. (Конфуций)

***

Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И. Гете)

***

Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский)

***

Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. (У. Черчилль)

***

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

***

Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. (Л. Толстой)

Бөлүшүү:
Next Post

Алиев Испанияда Пашинян менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда Евробиримдик уюштурган  жолугушуудан баш тартты. «Азербайжан мындай форматтагы сүйлөшүүлөргө катышууну зарыл деп эсептеген жок. Алиев сүйлөшүүлөргө катышпайт.  Француз расмий өкүлдөрү тарабынан курал-жарак жана ок-дарыларды (Арменияга) жеткирүү, аскердик кызматташуу тууралуу билдирүүлөр жасалды»,-деди Азербайжан өкмөтүнүн өкүлү Франс Пресс агенттигине. Азербайжан таанылбаган Тоолуу Карабак […]

Сизге жагышы мүмкүн