Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун көзөмөлгө алуу күчөтүлөт

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу толугу менен камсыздаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча маселе көтөрүп, анын коопсуздугу боюнча сураган. Ага Акылбек Жапаров жооп берип жатып, “урматтуу Садыр Нуркожоевич атайын өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө да, үй-бүлөсүнө да биз бир да тал чачын жерге түшүргөнгө мүмкүнчүлүк бербейбиз”,- деп жооп берди.

Эске салсак, 19-ноябрда прөзидент УКМК төрагасын кайтарууну дагы күчөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Конфискациялаган мүлктөр жана акчалар бюджетке которулат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы криминалдан конфискациялаган мүлктөрдү жана акчаларды бюджетке жана президенттин фондуна которот. Мындай маалыматты Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал каражат алгач УКМКнын депозиттик эсебине түшүп, андан кийин башка жактарга которулаарын айткан. «Биз акчаларды жумшабайбыз, статистика гана жүргүзөбүз. Алынып жаткан акчалардын тыйынына, бир топчусуна дагы тийбегиле деп […]

Сизге жагышы мүмкүн