Алиев Испанияда Пашинян менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Автор

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда Евробиримдик уюштурган  жолугушуудан баш тартты.
«Азербайжан мындай форматтагы сүйлөшүүлөргө катышууну зарыл деп эсептеген жок. Алиев сүйлөшүүлөргө катышпайт.  Француз расмий өкүлдөрү тарабынан курал-жарак жана ок-дарыларды (Арменияга) жеткирүү, аскердик кызматташуу тууралуу билдирүүлөр жасалды»,-деди Азербайжан өкмөтүнүн өкүлү Франс Пресс агенттигине.
Азербайжан таанылбаган Тоолуу Карабак жумуриятынын аймагында өз суверенитетин калыбына келтирүү боюнча аскердик операция жүргүзгөндөн эки жума өткөндөн кийин, сүйлөшүүлөр Евробиримдиктин Испаниядагы саммитинин алкагында Франция, Германия жана Еврокеңештин ортомчулугу менен өтмөкчү.
Шейшембиде Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна Арменияда иш сапары менен жүргөндө Париж Ереванга аскердик техника жеткирет деп билдирген.
Ал арада Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Алиев бул иш-чарага катышуудан баш тартканына карабай, Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бейшембиде Испанияга келерин билдирди.
Бейшемби күнү Испаниянын  Гранада шаарында Франция, Германия, Армения, Азербайжан лидерлеринин жана Евробиримдиктин кеңешинин төрагасы Шарль Мишельдин катышуусунда беш тараптуу жолугушуу пландалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев кримтөбөлдүн  жок кылынышы боюнча үн катты

УКМК төрагасы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынышы тууралуу комментарий берип жатып, уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюуга байланыштуу мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар көрүлөөрүн билдирди. Буга 4-октябрдагы Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал катары келтирди. Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-октябярда Токмок шаарында атайын кызматтынын  оңдолуп, […]

Сизге жагышы мүмкүн