Дүйнөлүк спорттун тарыхындагы эң ири келишимге кол коюлду

Автор

Жапониялык Сехей Охтани Бейсболдун негизги лигасынын (MLB) Лос-Анджелес Доджерс командасы менен 700 миллион долларга келишим түздү. Бул спорт тарыхындагы эң чоң келишим болуп саналат.

29 жаштагы Охтани эки жолу Америка лигасынын эң баалуу оюнчусу деп табылган. 2023-жылы жапон командасы менен бирге ал Дүйнөлүк бейсбол классикасын жеңип, турнирдин MVP (Эң баалуу оюнчу) катары таанылган.

Буга чейин келишимдин суммасы боюнча рекорд аргентиналык чабуулчу Лионель Мессиге таандык болгон жана 2017-жылдан 2021-жылга чейин 674 миллион долларга “Барселона” менен болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

20-декабрда күтүлгөн аба ырайы

20-декабрда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5, Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн