Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Автор

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш 18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу келээри күтүлүүдө.
Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.
Беттештер 18-апрель күнү саат 15:00дө, 19-22-апрель күндөрү саат 12:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 46-ирет өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Кытай 1,1 млрд долларлык жети документке кол койду

Бишкекте Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму болуп өттү. Ишкерлердин форумуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн