Минск КМШ өлкөлөрүнүн экинчи оюндарына даярданууда

Автор

Үстүбүздөгү жылдын август айында Белоруссияда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн экинчи оюндары жогорку деңгээлде өтөт. Бул тууралуу спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук ведомствонун коллегиясында билдирди.
Спорт басылмаларынын маалыматына караганда, башкармалыктын башчысы Беларусь элинин меймандостугун жана боорукердигин көрсөтүп, Беларустун аймактарынын туристтик потенциалын көрсөтө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн экинчи спартакиадасы 2023-жылдын 4-августунан 14-августуна чейин Беларустун 11 шаарында спорттун 20 түрү боюнча өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн II спартакиадасына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын спорттук делегациялары катышары пландалууда.
Мындан тышкары Монголиянын, Кытайдын, Кубанын, Ирандын, Омандын жана Сауд Аравиянын делегацияларынын айрым спорт түрлөрүнө катышуусу боюнча суроолор иштелип жатат.
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-11-сентябрында Казань шаарында (Орусия) өткөн. Аларга тогуз өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан 14 жаштан 23 жашка чейинки 1139 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Сабырдуулук жөнүндө

Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири – сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабыр түбү сары алтын»,– деп айтпаган чыгар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор […]

Сизге жагышы мүмкүн