Головкин дүйнөлүк наамдардан баш тартты

Автор

Казакстандык легендарлуу боксчу Геннадий Головкин (42-2-1, 37 КО) ушул убакка чейин Эл аралык бокс уюмундагы (IBO)  жалгыз куру болгон орто салмактагы титулунан расмий түрдө баш тартты. Бул тууралуу  Эл аралык бокс уюму билдирди. IBO президенти Эд Левин орто салмактагы титул азыр бош экенинжарыялады.

Эске салсак, буга чейин 40 жаштагы казакстандык милдеттүү талапкер бразилиялык Эскива Фалькао менен беттешүүнү каалабагандыктан IBF титулунан ажыраган. Анда GGG милдеттүү атаандашы кубалык Эрисланди Лара менен беттешүүдөн баш тартып, WBA Super курунан ажыраган.

Бөлүшүү:
Next Post

29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрда өлкө аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,   Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,   Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн