Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду

Автор

Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эки грек-рим балбаны Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Аталган мелдеш 10-июнда 17 жашка чейинки балбандар арасындагы таймаштар менен башталды.

Жарыштын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 4 медаль тагынды. 45 кг салмакта Марлен Абдысаматов жана 60 кг салмакта Сабит Шамшединов алтын байге утуп, Азия чемпиону болушту. Ошондой эле, 51 кг салмакта Ырысбек Хамдамов күмүш медаль утту. Андан тышкары, 110 кг салмакта Таласбек Бообеков коло байге алды.

Эскерте кетсек, аталган Азия чемпионаты 18-июнда аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкаранын айрым жерлерин суу каптады

Өткөн жекшембиде мөндүр аралаш нөшөр Анкаранын беш миллиондук тургундарына таасирин тийгизди. Суулар курьердик кызматтын машиналарын жана мотоциклдерин алып кетти. Эң кыйын абал түздүктө жайгашкан кварталдарда байкалууда. Ал жерде суунун деңгээли 70 сантиметрге жеткен. Коопсуздук максатында бийлик жер астындагы өтмөктөрдү жаап салган. Сыххие метро станциясында жүздөгөн жүргүнчүлөр калды. Аймакта жамгыр бул […]

Сизге жагышы мүмкүн