Министр: Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн азыраак

Автор

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн согуштук аракеттер башталгандан берки жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын санынан аз экенин Украинанын коргоо министри Алексей Резников La Razon басылмасына берген маегинде билдирди.
“Согушуп жаткандыктан жоготууларыбыз бар. Бирок россиялыктарга караганда сан жагынан кичине. Цифра айта албайм, бирок жалпы сан Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун санынан аз экенине ишендире алам”,-деди ал.
Украинанын коргоо министри ошондой эле Киев Батыш өлкөлөрүнөн мурда талап кылган куралдын бардык түрлөрүн алганын белгиледи. “Министрликти жетектеп турганда Аяз атага жазган катым өтө узун деп тамашалап айткам. Эми бир гана нерсени алуу калды – согушкерлер. Калгандары аткарылып бүттү,”-деди Резников.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Катуу бороон! Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жолчулар кардан тазалоо, кум-туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Министрлик жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин […]

Сизге жагышы мүмкүн