Nova-C модулу Айга конду

Автор

НАСА 23-февралда Nova-C модулу Айдын бетине ийгиликтүү конгондугун жарыялады. Түз эфир агенттиктин расмий сайтында жүргүзүлдү.
Айга конуу Бишкек убактысы боюнча саат 05:23тө болгон. Конгондон кийин байланыш үзгүлтүккө учурап, аны калыбына келтирүү үчүн адистерге он мүнөттөн ашык убакыт кетти.
Бул акыркы жарым кылымда биринчи жолу Америкада жасалган космостук аппарат Айга конду.
Nova-C модулу SpaceX компаниясына таандык Falcon 9 ракетасы менен учурулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

23-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, […]

Сизге жагышы мүмкүн