Президент Кадыр түндүн урматына 356 адамга ырайым кылды

Автор

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 356 туткунга ырайым кылды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду.
Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы бул ишти укук коргоо органдары менен бирдикте жүргүзмөкчү.
Шаардык жана райондук администрациялардын башчыларына кечирилген түркмөн жарандарын жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Президент Сердар Бердымухамедов жакында абактан чыга турган жарандарга өлкөдө болуп жаткан иштерге катышып, ак ниет жана шыктануу менен иштеп, элге ак дилден кызмат кылууну каалады.
Түркмөнстанда абактагыларга ырайым кылуу акциялары өтүп турат. Президент тиешелүү жарлыктарга Кадыр түн, Бейтараптык жана Эгемендүүлүк күндөрүнө утурлай кол коет. Акыркы бир нече жылдын ичинде республиканын 20 миңден ашуун соттолгон тургундары бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Макгрегор: "Мен өлөр өлгүчө мушташам!"

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор TNT Sports телеканалына берген маегинде спорттон качан кетээрин болжолдоп айтты. «Азыр 2024-жылдын биринчи кварталы гана. UFCде эки беттешим калды. Мен аларды жылдын аягына чейин бүтүрөм деп үмүттөнөм. Бирок мен UFCнин бир бөлүгү бойдон калам. Качанкыга чейин күрөшөм? […]

Сизге жагышы мүмкүн