Министрликтерде жердешчилик күч алды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева министрликтерде жердешчилик күч алганын айтып, мындай абал өлкөдө хаоско алып келет деп билдирди. Ал энергетика министри боюнча маселе козгоп, жалаң өзүнүн жердештерин министрликке топтоп алганын айтты. Депутат мамлекеттик кызматкерлерди этият мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 3-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ушундай эле маселе саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча да айтылып, ОшМУ Түркияга органдарды трансплантациялоо үчүн окууга дарыгерлерди жөнөтсө, окуп аткан жеринен аларга бут тосуп, чакыртып алган дагы алардын ордуна кайра Бишкектен дарыгерлерди жөнөткөнү парламентте көтөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү териштирилет

Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча жалпы депутаттык комиссияны түзүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде парламенттин жалпы жыйынында айтылды. Демилгечилердин бири депутат Исхах Масалиев өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген Эдил Байсаловго издөө салып, “билесиңер да, ал жерде бизди сөккөн, силерди тоготпойм деген киши отурат. Аларга биздин тилибиз өткөн эмес. Азыр саламаттык сактоо министри жөнүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн