Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды

Автор

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда КР билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө башталгыч класстын балдары үчүн бир жолку тамактанууну уюштурууга бардык шарттар түзүлгөн жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

Догдуркул Кендирбаева бүгүнкү форум – КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларын алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыкты аянтча экендигин белгиледи.

“Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат”, – деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад шаары экономиканын борбору болот

Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын экономикалык жүрөк кылабыз деп билдирүү таратты. Учурда  калааны оңдоп, түзөө жана өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүнгөн. Министрлер кабинетинин төрагасы билдиргендей, эмдиги жылы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу ишке берилип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекста” темир жолунун курулушу да Жалал-Абад шарынан өтөт. Жаңы аба майданы курулат. “Бизде бир гана Бишкек эмес, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн