Миллиардер: Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта”

Автор

Америкалык миллиардер Илон Маск күнүнө алты саат уктап, жумасына жети күн иштей турганын, анткени, убакыт жалгыз чыныгы валюта экенин айтты.
Маск CNBC телеканалына берген маегинде: «Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта”,-деди ишкер.
Ушул себептен Twitter социалдык тармагынын башкы директору кызматынан кетүүнү чечкенин айткан Маск өзүнүн башка Tesla жана Space X компанияларына көңүл бурууну пландаштырып жатканын кошумчалады.
Масктын айтымында, ага болгону 6 саат уктоо керек. Ал азыраак уктоого аракет кылган, бирок андан өндүрүмдүүлүктүн төмөндөп кеткенин сезген. Ишкердин айтымында, ал жумасына жети күн иштеп, жылына эки-үч күн гана эс алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Акыйкатчы 17-майда шайланат

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Акыйкатчы ордуна сунушталган талапкерлерди карайт. Бул боюнча “Ата-Журт Кыргызстан”  фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков билдирди. Бүгүн парламент жыйынын башкарып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоону суранды. Белгилүү болгондой, аталган кызмат ордуна Жамила Жаманбаева менен Кулира Кубатова сунушталган. Учурда парламент 15 мүнөт танапис […]

Сизге жагышы мүмкүн