Киев Каховская ГЭСинин урашына байланыштуу тургундарды көчүрдү

Wp Pw
0 0
Read Time:26 Second

Киев көзөмөлдөгөн Днепрдин оң жээгиндеги Херсон облусунун бир катар калктуу конуштарында эвакуация жарыяланды. Бул чаралар Каховка ГЭСи жарым-жартылай кыйрагандан кийин көрүлдү.
Жашоочуларды электр шаймандарын өчүрүп, документтерди жана керектүү нерселерди чогултуп, куткаруучулар менен милициянын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырышты.
Ошол эле маалда Россиянын көзөмөлүндөгү Нова Каховка шаарынын мэри Владимир Леонтьев шаарды көчүрүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтып, бирок Днепрдин ылдый жагындагы конуштардын жашоочулары көчүрүүгө аргасыз болорун четке каккан жок.
Буга чейин Каховская ГЭСинде түнкү аткылоодон улам шаймандары кыйрап, суу ылдый жактан көзөмөлдөнбөй агып кете баштаганын билдирилген. Бирок, дамба аман калган.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Депутат камалгандарга мунапыс сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу айрым соттолгондор үчүн президенттен мунапыс сурады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттинин жыйынында билдирди. “Кечээ, кээ бир түрмөлөрдү кыдырып келдим. Өлкө башчысынан жеңил – желпи күнөөлөрү үчүн камакта отургандарга мунапыс берүүсүн суранам. Алар ал жерде отуруп, […]