БУУ: Украина гуманитардык катастрофанын босогосунда

Автор

Украинада гуманитардык кырдаал абдан начарлап кетти. Каховская ГЭСинин жарылуусунан улам 700 миң адам ичүүчү сууга муктаж экенин уюмдун башкы катчысынын орун басары Мартин Гриффитс билдирди.
Анын айтымында, мина коюлган жерлерди суу каптаган. «Жакында биз чоңдор жана өзгөчө балдар үчүн коркунуч туудурган, эл күтпөгөн жерлерде калкып турган миналарды сөзсүз көрөбүз”,-деди Гриффитс.
Ал кошумчалагандай, Украина айыл чарба экспортунун кескин төмөндөшү, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын жогорулашы жана дүйнөдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы коркунучунда турат.
Каховка ГЭСи 6-июнда ураган. Бир катар шаарлар менен аймактар толугу менен суу алдында калды. Москва менен Киев бири-бирин ГЭСтин дамбасын бузганга айыптоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акшумкарлар” Афганистанды жеңди

Кыргызстан футбол курама командасы Афганистандын улуттук курама командасын 1:0 эсебинде жеңди. Беттеш Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык чабуулчу Эрнист Батырканов атаандаштын дарбазасына гол киргизип, өзүнүн командасын алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн Кыргызстандын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады. […]

Сизге жагышы мүмкүн