Месси келечеги тууралуу үн катты

Автор

Америкалык “Интер Майами” жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси кезектеги “Алтын топту” утуп алгандан кийин карьерасын калтыруу жөнүндө олуттуу ойлонуп жаткандай. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды.

Атактуу футболчу  мындай деди: “Бул менин акыркы жылдарым экенин билем,  кийин футболду  абдан сагынаарымды түшүнөм, анткени канчалык башка иштер менен алектенсем да,  өмүр бою  азыркы ишимдей  болбойт” , – деп жазган TNT Sports .

Ушул аптада ал “Алтын топ”  сыйлыгын рекорддук 8-ирет алды. Месси буга чейин Барселонага кайтпай турганын айткан. Ал каталондук клубда 2003-жылдан 2021-жылга чейин ойногон, андан кийин Париж Сен-Жерменде эки сезон өткөрүп, ушул жайда MLS Интер Майамиге кошулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Карышуу деген эмне?

Карышуу – күтүлбөгөн жерден пайда болгон буттун булчуңдарынын көзөмөлдөнбөгөн жыйрылышы. Эреже катары, алар кечинде жатар алдында же ойгонгондон кийин эртең менен пайда болот. Көрүнүштөрдүн узактыгына карап, кыска, бир нече секундага созулган жана узактыгы 15 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Бут кыстыгуу үчүн биринчи жардам: Бармакты башыңызды көздөй көтөрүшүңүз керек. Спазмы басаңдабаса, […]

Сизге жагышы мүмкүн