“Париж -2024”: Олимпиада оюндарын 15 миң жоокер кайтарат

Автор

Франция 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын алдында болуп көрбөгөндөй коопсуздук чараларын көрөт. Париждин аскерий губернатору, генерал Кристоф Абаддын айтымында, дүйнөдөгү негизги спорттук иш-чаранын алдында коомдук тартипти коргоо үчүн 15 миң франциялык жоокер тартылат.
Бул күчтөрдүн негизги бөлүгү, 10 миңге жакын аскер кызматкерлери Олимпиаданын негизги мелдештери өтө турган Парижге жана анын айланасына жайгаштырылат. Париждин түштүк-чыгышында 5 миң аскер кызматкери үчүн убактылуу лагерь түзүлөт. 15 миң кишиден турган контингенттин курамына транспорт жана маанилүү объектилерде антитеррордук күзөткө тартылган 7 миң жоокер да кирет.
Аскердик күчтөр катышкан мындай масштабдуу укук коргоо операциялары Францияда мурда эч качан болгон эмес. Олимп оюндары өтүүчү жайларды аскерлерден тышкары он миңдеген полиция кызматкерлери жана жеке коопсуздук компаниялары да кайтарышат. Абадан олимпиадалык жайларды пилотсуз учактар, согуштук учактар, тик учактар жана башка учактар “карашат”.

Бөлүшүү:
Next Post

16-январда күтүлгөн аба ырайы

16-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн