Париж -2024: Кыргызстандык сегиз балбан Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашат

Автор

Кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.
Кыргызстандын атынан бул турнирге 8 спортчу катышат:
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
– Сезим Жуманазарова – 57 кг.
Грек-рим күрөшү боюнча:
– Азат Салидинов – 87 кг;
– Үзүр Жусупбеков – 97 кг;
– Роман Ким – 130 кг.
Эркин күрөш боюнча:
– Орозобек Токтомамбетов – 74 кг;
– Атай Изабеков -86 кг;
– Андрей Аронов – 97 кг;
– Айаал Лазарев – 125 кг.
Эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге биринчилерден болуп чыгышмакчы.
Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Володимир Зеленский менен Дэвид Камерон жолугушту

Англиянын тышкы иштер министри Дэвид Камерон Украинада президент Володимир Зеленский менен жолугушту. Ал “Англиядан келген курал – жарактар менен Орусиянын куралдуу кол салуусуна татыктуу жооп берүүгө болот”,- деп билдирди. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Дэвид Камерон от менен ойноп жатат. Анын айтканы жакшылыкка алып барбайт”,- деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн