Медетбек Букуев бийликтин эң ишеничтүү адамыбы?

Автор

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчилигине аттанган Медетбек Букуев өлкөдө таасирдүү делген айрым саясатчылар менен жолугушуп жүргөнү тар чөйрөдө айтылып жатат. Ал саясатчылардын тамырын кармап, бийлик менен саясатчылардын ортосунда көпүрөлүк кызматты аркалап жатканы боюнча маалыматтар тарады. Кабинетте эле отура бергенге караганда бул көрүнүктүү иш экени талашсыз. Медетбек Букуев президенттин агайы экенин эске алганда бийликтеги эң ишеничтүү адамы деп айтууга болобу? Анда кызмат эңсегендер Кеңешчинин эшигин каккылап, жүдөтүп коюшпайбы?

Бөлүшүү:
Next Post

Токмок милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды

Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече […]

Сизге жагышы мүмкүн