VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

Автор

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бул маселе учурда талкууланып жататкандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Ал көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан өкмөтү тарабынан демилгеленген.
2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан), 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтсө, 2024-жылы 8-14-сентябрда Астанада (Казакстан) өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти. «Кыргызстандын «Tez Jet» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алып, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүдө», — деп айтылат маалыматта. Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн