Токмок милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды

Автор

Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы келет

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында маалымдалган. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен […]

Сизге жагышы мүмкүн