“Манчестер Сити”  УЕФАнын Суперкубогун жеңип алды

Автор

УЕФАнын Суперкубогу үчүн болгон беттеште англиялык “Манчестер Сити” Пирей шаарындагы “Георгиос Карайскакис” стадионунда Испаниянын “Севилья” командасын утуп алды.

Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктады – 1:1. 25-мүнөттө эсепти “кызыл-актардын” чабуулчусу Юсеф Эн-Несири ачып, ага Маркос Акуна жардам берди. «Ситиде» 63-мүнөттө Коул Палмер Родригонун трансферинен гол киргизди.

Пенальтилер сериясында манчестардык оюнчулар тагыраак болуп чыгышты – 5:4. “Жарандардын” соккусун Эрлинг Холанд, Жулиан Альварес, Матео Ковачич, Джек Гриалиш жана Кайл Уокер ишке ашырышты.

Испаниялык команда пенальтиден Лукас Окампос, Рафаэль Мир, Иван Ракитич жана Гонсало Монтиел гол киргизди. Акыркы чабуулчу Неманья Гудель дарбазага сокку узатты.

“Манчестер Сити” тарыхта биринчи жолу УЕФАнын Суперкубогун жеңсе, англиялык команданын машыктыруучусу Пеп Гвардиола алтынчы жолу – төрт жолу машыктыруучу жана эки жолу оюнчу катары кубокту жеңип алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-август күнү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.   […]

Сизге жагышы мүмкүн