Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет

Автор

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

 

Программанын долбоору:

 

— Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

 

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

 

— “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

 

— Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

 

— Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

 

— Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

 

Кошумчалангандай, иш чараны чагылдырууну каалган ММК өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматына кайрылуусу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

БШК Ленин округу боюнча  22 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга белгиленген Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 22 адамды талапкерликке каттады. Аталган округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 киши арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун […]

Сизге жагышы мүмкүн