Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 10 медаль утту

Автор

Бишкектеги Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эл аралык турнирде 10 медаль утту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча BISHKEK OPEN 2023 эл аралык ачык чемпионаты өттү. Ага мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышты.

Медаль уткандардын тизмеси:

Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева – алтын, ал эми Богдан Пягай эки алтын медалга ээ болду;

Сахиба Софиева – күмүш медаль;

Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова – коло медалдын ээлери болушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Франция Казакстан менен Өзбекстанга согуштук учактарды береби?

Франциянын “Dassault Aviation” авиакомпаниясы Rafale истребителдерин Казакстан менен Өзбекстанга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Француз басылмасынын жазганына караганда, аскерий учактарды жеткирүү президент Эммануэль Макрондун ноябрдын башында Астана жана Ташкентке жасаган иш сапарынын темаларынын бири болгон. Rafale француздук Dassault Aviation компаниясы тарабынан иштелип чыккан төртүнчү муундагы көп максаттуу согуштук учак. Учак 1986-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн