Лионель Месси Улуттук лигада 500 гол киргизди

Автор

Аргентиналык дүйнө чемпиону Лионель Месси “Интер Майам” клубу үчүн дубль киргизип, ошону менен үч өлкөнүн – Испания, Франция жана АКШнын чемпионаттарында 500 гол киргизген болду.
Америкалык MLS турниринин 3-турунда “Интер Майами” командасы Орландо Ситиден келген атаандашын 5:0 эсебинде жеңди. Мессинин эки голу аны юбилейлик белгиге жакындатты.
Эми аргентиналык жылдыздын карьерасында улуттук чемпионаттарда туптуура 500 голу бар: ал Испаниянын Ла Лигасында 474, Франциянын 1-лигасында 22 жана MLS кезектеги сезонунда 4 гол киргизген.
Бардыгы болуп Мессинин европалык турнирлерди жана ар кандай расмий мелдештерди эске алганда клубдук деңгээлде 718 голу бар. Улуттук курама командага киргизген голдору менен бирге карьерасында 824 гол киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 4-мартта саат 12:25те кыргызстандыктар жер титирөөнү сезишти. Жер титирөө катталганга чейин Андроид телефондоруна жер титирөө болору туурасында кабарлама келди. Алдын ала маалыматтар боюнча, казак-кыргыз чек арасында күчү 5-5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Азырынча ӨКМ расмий маалымат тарата элек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн