Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты старт алды

Автор

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдешке бардык аймактардан келген 260 спортчу катышууда.

Спортчулар төмөнкү салмак категориясында беттешет:

Кыздар арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66 кг;

Эркектер арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 80, +80 кг.

 

Белгилей кетсек, аталган мелдеш “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргызстандын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бул аптада күн жылый баштайт. Синоптиктердин  божомолу

Кыргызстанда эртеңден тарта аба ырайы жылый баштайт. Бул тууралуу  Кыргызгидромет борбору билдирет Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарында 19-24-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.   Чүй облусунда 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда […]

Сизге жагышы мүмкүн