“Интер” Италиянын Суперкубогун жеңип алды

Автор

Эр-Риядда (Сауд Аравиясы) Италиянын суперкубогу үчүн финалдык беттеш өттү. Бул беттеште «Интер» «Наполи» командасын минималдуу 1:0 эсебинде утуп алды.
Кубоктун тагдыры финалдык беттештин акыркы мүнөттөрүндө чечилип, «Интердин» аргентиналык чабуулчусу Лаутаро Мартинес жеңиш голун киргизди. Экинчи таймдын башында неаполитандыктар он киши менен калып, Жованни Симеоне экинчи сары айып кагазын алып, оюндан четтетилди.
“Интер” Италиянын Суперкубогун катары менен үчүнчү жана өз тарыхында сегизинчи жолу жеңип алды.
“Интер” машыктыруучусу Симоне Индзаги үчүн бул анын машыктыруучу катары Италиянын бешинчи Суперкубогуна татыктуу болду. Симоне Индзаги да “Лацио” клубунун оюнчусу катары Суперкубокту жеңип алган. Ал “Интерди” үч жылдан бери машыктырат жана аны менен бирге эки жолу Италиянын Кубогун жеңип алды.

Бөлүшүү:
Next Post

24-январда күтүлгөн аба ырайы

24-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 суук, күндүз +9…+11 жылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн