“Крокус Сити Холлдогу” окуя боюнча дагы бир адам кармалды

Автор

“Крокус Сити Холлдогу” каргашалуу окуяны уюштургандарга тийешеси бар делген дагы бир адам кармалды.
Мындай маалыматты Орусиянын тергөө комитети билдирди. Аны камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтире турганын маалымдаганы менен кармалган адамдын аты жөнүн ачыктаган жок. Федералдык коопсуздук кызматы кандуу окуяга тийешеси бар делген 11 кишини камакка алды. Аткылоонун кесепетинен 143 киши көз жумуп, 190 киши ар түрдүү жаракат алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Казак бийлиги мекендештерин Одесса менен Харьковдон чыгып кетүүгө чакырды

Казакстандын Украинадагы элчилиги чыңалуунун күчөшүнө жана туруксуз коопсуздук кырдаалына байланыштуу казакстандыктарга Украинанын Одесса жана Харьков облустарынан чыгып кетүүнү сунуштайт. «Украинадан Казакстан Республикасынын жарандары өлкөгө Польша же Молдова аркылуу келе алышат. Польша аркылуу чыгууда Казакстандын жарандарында Шенген визасы болушу керек. Молдовага кирүү үчүн виза талап кылынбайт»,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө. Дипломаттар бардыгын […]

Сизге жагышы мүмкүн