Бишкекте спорттун 8 түрү боюнча мэрдин Кубогу өтүүдө

Автор

Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2023 мелдешинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спартакиада 4-ноябрында аяктайт. Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, аркан тартыш, бильярд жана сууда сүзүү.

Спорттук иш-чаранын ачылышына мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда өттү.

Мелдештин максаты – президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана түзүмдүк бөлүмдөрдө дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартуу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда  Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн өлкөгө биринчи расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз жергесинде […]

Сизге жагышы мүмкүн