Лионель Месси сегизинчи жолу “Алтын топ” сыйлыгын алабы?

Автор

Аргентиналык футболчу, “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасында сегизинчи жолу “Алтын топту” алуу ыктымалдыгы тууралуу айтып берди.

Учурда көптөгөн эксперттер Мессини бул абройлуу сыйлыкты алуу үчүн абсолюттук фаворит катары таанышууда.

“Бул жакшы сыйлык. Бирок менде баарын жеңүү бактысы болду: Чемпиондор Лигасын, Америка Кубогун, Улуттук лигаларды жана Дүйнө чемпиондугун жеңдим, булар маанилүү наамдар, ал эми жеке байгелер экинчи орунда турат.

Аларды кабыл алуу жагымдуу болгону менен такыр башка нерсе маанилүү», – деп  айтты атактуу футболчу.

Месси буга чейин жети Алтын топсыйлыгына татыктуу болду– бул рекорд. Ал эми 20 жылдан бери биринчи жолу талапкерликке кирбеген Криштиану Роналду (5) быйыл сыйлыктан  ажырап калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эске салсак, 2023-жылы “Алтын топту” тапшыруу аземи 30-октябрда өтөт. 2022-жылы “Реал Мадридден” Сауд Аравиянын “Аль-Иттихадына” өткөн Карим Бензема карьерасында биринчи жолу “Алтын топту” жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Астероидден топурак алган капсула Жерге кайтып келди

Бенну астероидинен топурак алган капсула Жерге кайтып келди.  Бул тууралуу НАСА билдирди. Каспула АКШнын Юта штатындагы полигонго келип конду. Миллиондогон чакырым жол аяктады. Бенну фрагменттерин чогултуу миссиясы 2016-жылы башталган.  Анда НАСАнын изилдөөчүлөрү Осирис-Рекс зондун бул асман телосуна жөнөтүшкөн.  Аппарат астероидге жакындаш үчүн эки жыл талап кылынды, карта түзүү дагы эки […]

Сизге жагышы мүмкүн