Лидерлер Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап жатышат

Автор

Кытай бийлиги Владимир Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзян билдирди. Ал Кытай менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамилелер мындан ары да өнүгө берерине ишенимин айтты.
Боливиянын, Гондурастын президенттери жана Мьянманын премьер-министри, Никарагуа, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле Түндүк Кореянын лидерлери Путинди жеңиши менен куттукташты.
Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 99,7 пайызын иштеп чыккан. Владимир Путин 87,31% добуш менен алдыда келе жатат. Бул анын бешинчи президенттик мөөнөтү.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Мбаппе Олимпиадага катышпай калышы мүмкүн

“Пари Сен-Жермен” жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышпай калышы мүмкүн. Буга анын Реал Мадридге өтүшү тоскоол боло тургандыгын L’Equipe басылмасы жазып чыкты. Француз басылмасы белгилегендей, буга Мадриддик клубдун жетекчилеринин футболчунун өзүн Франциянын олимпиадалык курама командасы жайгашкан жерге коё бергиси келбегени […]

Сизге жагышы мүмкүн