Париж-2024: Мбаппе Олимпиадага катышпай калышы мүмкүн

Автор

“Пари Сен-Жермен” жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышпай калышы мүмкүн. Буга анын Реал Мадридге өтүшү тоскоол боло тургандыгын L’Equipe басылмасы жазып чыкты.
Француз басылмасы белгилегендей, буга Мадриддик клубдун жетекчилеринин футболчунун өзүн Франциянын олимпиадалык курама командасы жайгашкан жерге коё бергиси келбегени себеп болууда.
Мбаппенин өзү, ЖМКлардын маалыматына караганда, чындап эле Олимпиада оюндарына катышууну каалайт. Бирок, бул учурда, жаңы клубдук сезон башталганга чейин, ал эс алууга дээрлик убакытысы болбой калат.
Париж Олимпиадасынын футбол боюнча турнири 24-июлдан 10-августка чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

19-март: Күн ачык болот

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15, Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, […]

Сизге жагышы мүмкүн