Иран БУУнун трибунасынан АКШны коркутту

Автор

Ирандын тышкы иштер министри БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында сүйлөп жатып, эгер Газадагы адам өлтүрүүлөр улана турган болсо, кагылышуулардын оту эч кимди аябай турганын  билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан АКШнын өкмөт өкүлдөрүнө “Бүгүн Нью-Йоркто, БУУда мен Палестинада геноцидди башкарып жаткан америкалык мамлекеттик ишмерлерге ачык айтам. Биз аймакта согуштун жайылышын кубаттай албайбыз. Бирок мен эскертем.  Эгер Газадагы геноцид улана берсе, бул жалындан эч ким аман калбайт”,-деди ал.
Ал жайкын тургундарды өлтүрүүнү жана палестиналыктарды мажбурлап көчүрүүнү  токтотууга чакырды.
Израиль Ирандын ХАМАС менен болгон жаңжалга кийлигишүүсүнөн чочулап, мындай кадамга барбашы үчүн бир нече жолу эскерткен.  Ливандагы Хезболла тобу экинчи фронт ачса, “жыландын башын кесип салабыз” деп коркуткан.  Израиль Хизболланы Иран колдойт деп билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 27-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.32 сомдон  болсо, сатуу  89.72 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.32 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн