Ленин округунда кайра шайлоо өткөрүүгө 13 млн сом чыгымдалат

Автор

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдалат. Бул тууралуу Боршайкомдун  жыйынында белгилүү болду.

Анын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары 8 млн 69 миң сомду жана бир мандатуу округдагы чыгым 5 млн 139 миң сомду түзгөн.

БШКдан билдиришкендей, бул жолку шайлоодо бир топ чыгымдар кыскартылган.

Аталган бир мандаттуу шайлоо округунда 28- майда өткөн шайлоого жалпы 18, 6 млн сом сарпталган

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

 Бүгүн Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  өтөт

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  бүгүн, 14-июлда парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйыны учурунда  өтөт. Расмий маалыматтар боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган. Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү […]

Сизге жагышы мүмкүн