Амантур Жумаев Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 54 кг чейинки салмакта катышты. Жумаев алгач 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандын мушкери Мейлис Шадурдыевди 4:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда тажикстандык Анушервон Фазыловду жеңип, жарым финалдык беттеште ирандык Солтани Амирразени үч раунддун жыйынтыгы менен артта калтырган.
Ал эми финалдык беттеште кыргызстандык мушкер өзбекстандык Собиржон Тастановго жеңилип, жыйынтыгында жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байгесине татыды.

Бөлүшүү:
Next Post

Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын Жыргалбек Шамыралиев ээлеген. Ал кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Ал эми Рамиз Алиев буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеп келген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн