Күндү изилдөөчү түзүм ийгиликтүү учурулду

Автор

Индиянын космостук изилдөөлөр уюмунун маалыматы боюнча, Aditya L1 күн станциясы Жердин орбитасына чыкты.
PSLV-C57 ракетасы менен Aditya L1 учуруу ийгиликтүү болду. Аппарат спутникти так белгиленген орбитага алып чыкты.
Аditya L1 станциясы Жерден 1,5 миллион километр аралыкта жайгашкан L1 чекитинин айланасында орбитага айланып, акыркы көздөгөн жерине жетүү үчүн 125 күн талап кылынат. Дал ушул аралыкта Күндү байкоо эң ыңгайлуу.
Станциянын жардамы менен окумуштуулар Күн атмосферасынын эң четки катмарларында байкашат. Станцияда Күн ультрафиолет телескобу бар, аны иштеп чыгууга он жылдан ашык убакыт кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голун киргизди

Саудиялык “Аль-Наср” клубунун жана  португалиялык атактуу  футболчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  850-голун киргизди. Ал Сауд Аравиясынын чемпионатынын 5-турунун алкагында “Аль-Хазмга” каршы оюнда (5:1) гол киргизди. Ошентип португалиялык футболчу карьерасындагы 850-голун киргизди. Бул көрсөткүч боюнча Роналду рекордсмен, экинчи орунду америкалык “Интер Майаминин” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси ээлейт – 818 гол. 38 жаштагы […]

Сизге жагышы мүмкүн