Армения Россиядан Звартноц аэропортунан чек арачыларын чыгарып кетүүнү талап кылды

Автор

Армения россиялык чек арачыларды Еревандагы Звартноц аэропортунан алып чыгууну талап кылганын Интерфакс өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорянга шилтеме берүү менен билдирди. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлге бул боюнча Еревандан эч кандай билдирүү келбегенин айтты.
Григорян Ереван аэропортундагы чек араны толугу менен Армениянын коопсуздук күчтөрү гана көзөмөлдөшү керектигин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн күрөш боюнча Түркияда эл аралык мелдеш башталат

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган “Yasar Dogu&Vehbe Emre” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Анталия шаарында 7-11-март күндөрү өтөт. Грек-рим күрөш боюнча курама команданын тизмеси: – Курама команданын тизмеси: – 55 кг Улан Муратбек уулу; […]

Сизге жагышы мүмкүн