Украинада аялдар да аскер комиссариаттарына чакырылды

Автор

Аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү украиналыктардын бардыгы, анын ичинде аялдар да аскер комиссариаттарына келүүгө чакырылган.  Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүнүн командачылыгынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Владимир Фитьо телемарафон учурунда билдирди.
Бул маалыматтарды жаңылоо үчүн зарыл экенин,  чакыруу аял дарыгерлерге да тиешелүү экени белгиленди.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги өлкөдө мобилизация күчөтүлүп, аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн тизмесинде жок болсо дагы, бийлик адамдарды издөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.  Ошондой эле жүз миңдеген украиналыктар азыр мобилизациядан качууга аракет кылып жатканы айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

Бишкек мэриясы шаар тургундарына жылуулук качан бериле баштарын тактады. Маалыматка ылайык жылытуу мезгили абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат. Былтыр Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тартып бериле баштаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн