Күз берекеси: Алманын организмге пайдалары

Автор

Алманын адам организмине тийгизген пайдасы абдан чоң. Алма эң даамдуу жана арзан мөмөлөрдүн бири. Алманын адам үчүн пайдалуу касиеттерин ашыкча баалоо дээрлик мүмкүн эмес: бул витаминдердин жана микроэлементтердин чыныгы казынасы, алардын организмдеги балансы анын жашаруусуна өбөлгө түзөт жана күчтүү иммунитеттин негизи болуп саналат

Пайдалуу алманын курамында: суу – 80-90%; була – 0,6%; кант – 5-15%; каротин; пектин – 0,27%; крахмал – 0,9%; фолий жана органикалык кислоталар; витаминдер – A, B1, B2, B3, C, E, P, PP, K; микроэлементтер – натрий, фосфор, калий, күкүрт, жез, цинк, кальций, алюминий, фтор, хром, темир, магний, молибден, никель, бор, ванадий, марганец.

Алмадагы витаминдер

  • Алманын курамындагы А витамини апельсинге караганда 50% көп – бул витамин суук тийүүдөн жана башка инфекциялардан сактайт жана көрүүнүн жакшы болушуна жардам берет.
  • Башка жемиштерге караганда алмада G же В2 витамини көп. Ал “аппетит витамини” деп аталып, нормалдуу тамак сиңирүүнү жана өсүүнү камсыз кылат, нерв системасынын бүтүндүгүн сактайт.
  • Витамин С – бир кычкыл алма витаминге болгон суткалык керектөөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт; жугуштуу оорулардын, авитаминоздун жана аз кандуулуктун алдын алуу үчүн эң мыкты каражат, коллагендин синтезинде, кандын уюшун жөнгө салууда, кан тамырларды нормалдаштырууда ажырагыс элемент. С витамининин аркасында алма сезгенүүгө каршы таасирге ээ. Витамин С иммундук системага пайдалуу таасир этет, кан тамырлардын дубалдарын бекемдейт, алардын токсиндерди өткөргүчтүгүн азайтат, шишиктерди басат, узакка созулган оорудан кийин тез сакайып кетишине өбөлгө түзөт.
  • Калий – бул микроэлемент жумшак диуретикалык болуп саналат. Ал дененин шишигин кетирүүгө жардам берет, суюктуктун курамын жөнгө салат жана бөйрөктүн ишин нормалдаштырат.
  • Темир – аз кандуулукка эң жакшы даба. Анын үстүнө алманын курамындагы темирдин өзгөчө сапаты анын биологиялык жакшы сиңимдүүлүгү. Темирге бай алма өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу.
  • Фосфор – мээнин активдүүлүгүн эффективдүү стимулдайт жана уйкусуздукту жоюу үчүн зарыл элемент.
  • Цинк – иммундук системаны чыңдоодо чоң жардамчы. Мындан тышкары, цинк арыктоого жардам берет.
  • Пектиндер – организмге оор металл туздарына, уулуу жана радиоактивдүү заттарга (өзгөчө кооптуу өндүрүштө иштегендерге көрсөтүлгөн) каршылык көрсөтөт, ошондой эле боордон ашыкча холестеролду чыгарат.
  • Йод – анын алмадагы өлчөмү башка жемиштерге караганда бир топ жогору (алмалар йод боюнча деңиз азыктарынан кийин экинчи орунда турат), калкан безинин ооруларына эң сонун профилактика.
  • Магний туздары – атеросклероз коркунучун азайтат.
  • Танниндер – заара таштоо, подагра үчүн жакшы профилактика.
  • Фолий кислотасы – ачкачылык сезимин басаңдатат, ошондуктан алма орозо күндөрү абдан популярдуу жана пайдалуу.
  • Органикалык кислоталар – алма, шарап, лимон: ичегидеги ачытуу процесстерине тоскоол болуп, метеоризмдин жана шишиктин алдын алат.
Бөлүшүү:
Next Post

Президент Путин Пекинге келди

Россиянын президенти Владимир Путин 17-октябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусунда  эки күндүк иш сапары менен Пекинге келди.  Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ал «Бир алкак, бир жол» форумунда сөз сүйлөйт. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы форумга келген кесиптештери менен  эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.  Вьетнамдын президенти, Таиланддын премьер-министри, Монголиянын президенти жана […]

Сизге жагышы мүмкүн