Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы баланын сабалышына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Автор

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.
Муфтияттын маалыматы боюнча, аталган окуянын айланасында ички териштирүү иши жүрүп жатат. Бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе муфтияттын карамагында жок.
«Окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлейт

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына ылайык, буга чейин жарыяланган сынакта кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен. “Тандоого КМДБнын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышты”, — деп айтылат маалыматта. […]

Сизге жагышы мүмкүн