Президент Путин Пекинге келди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин 17-октябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусунда  эки күндүк иш сапары менен Пекинге келди.  Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ал «Бир алкак, бир жол» форумунда сөз сүйлөйт.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы форумга келген кесиптештери менен  эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.  Вьетнамдын президенти, Таиланддын премьер-министри, Монголиянын президенти жана Лаостун президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылууда.
Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана форумга катышкан делегация башчылары менен расмий  жолугушуу аземине катышат.
Форумдун ачылыш аземинен  кийин  орус-кытай сүйлөшүүлөрү пландалууда.  Андан соң Путин форумдун алкагында бир катар жолугушууларды улантат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмаз Эргешов сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Япониянын Токио шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында 115 килограммдан жогорку салмакта күмүш байгеге ээ болду. Ведомстводон билдиришкендей, Азиянын 8 өлкөсүнүн арасындагы командалык биринчиликте Алмаз Эргешов Кыргызстандын курамасында да күч сынашып, Иран жана Тайбэй (Тайвань) командаларын жеңип, финалга чыгып, Япония курамасы менен беттешти. Сумонун […]

Сизге жагышы мүмкүн