Шойгу Украинанын жоготууларын айтты

Автор

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, контрчабуул деп аталган операция башталгандан бери Киев 66 миңден ашык адамынан жана 7,6 миң куралынан ажыраган. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги менен тематикалык селектордук кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө министр Украина жарандык объекттерге кол салуу менен өзүнүн чабуулунун ийгиликсиздигин жашырууга аракет кылып жатканын айтты.

Шойгу ошондой эле орус армиясынын бир айдын ичинде 159 ХИМАРС ракетасын, миңден ашуун учкучсуз учуучу аппаратты жана 13 канаттуу ракетасын атып түшүргөнүн мисал келтирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда  жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 5-сентябрда саат 00:12де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, […]

Сизге жагышы мүмкүн